Жаңылыктар

Маанилүү! «Евразия» паркынын ачылышы боюнча маалымат.

2025-08-02 12:43
Урматтуу коноктор!
«Евразия» паркы 29, 30 жана 31-июль күндөрү тааныштыруу режими менен ачылып, сиздер парк аймагын көрүп чыгууга жана аттракциондорду сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк алдыңыздар.

1-августтан тарта парк расмий ачылганга чейин жабык болот.
Түшүнбөстүктөр болбошу үчүн бул күндөрү паркка барууну пландабаганыңыздар жакшы. Өз убактыңыздарды туура пландап алыңыздар.

Парк расмий түрдө ачылган соң гана кайрадан иштей баштайт.
Ачылыш күнү тууралуу жакында кабарлайбыз — жаңылыктарыбызды көзөмөлдөп туруңуздар!