Биздин өнөрканаларыбыз — бул балдар өз жөндөмдөрүн ачып, жаңы нерселерди үйрөнүп жана өз колдору менен өнөрлөрдү жараткан мейкиндик.
СҮРӨТ ТАРТУУ
Чыгармачылыкка кызыккан балдар үчүн багыт. Сабактарда сүрөт тартуунун негиздери, түстөрдү айкалыштыруу жана композиция түзүү көндүмдөрү өнүктүрүлөт.
Жаш курагы: 8 – 15 жаш.
Эскертүү! Сабактар өз алдынча катышууга ылайыкталган.
БУЮМ ЖАСОО
Өз колу менен кооз буюмдарды жасоону каалагандар үчүн чыгармачылык багыт. Сабактар балдардын майда моторикасын, чыгармачылыгын жана элестетүү жөндөмүн өнүктүрүүгө жардам берет.
Жаш курагы: 8 – 15 жаш.
Эскертүү! Сабактар өз алдынча катышууга ылайыкталган.
АКВАГРИМ
Жаркын образдар дүйнөсүнө саякат! Аквагримдин жардамы менен ар бир бала сүйүктүү каарманына айланып, жүзүнө кооз жана жомоктогудай сүрөттөр түшүрүлөт.
·Жаш курагы: 8 – 15 жаш.
Эскертүү! Балдардын өз алдынча катышуусу каралган.
АТА-ЭНЕЛЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТ
Сабактарга өз алдынча катышуу балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, өзүнө болгон ишенимин арттырууга жана жаңы досторду табуусуна жардам берет