Жаңылыктар

Мамлекеттик тил күнүн «Евразия» паркында белгилейбиз

2026-09-22 11:57
23-сентябрь күнү сиздерди улуттук маданият, музыка, оюндар жана чыгармачылыкка бай майрамдык программага чакырабыз 🤍

Сиздерди эмне күтөт:

17:00–20:00 | Этно-жарманке

📍 Парктын аймагы

Салттуу кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар: элечек оромо, өрмөк токуу, кийизге сайма сайуу, тумар, шырдак жана башка буюмдарды жасоо.

17:00–19:00 | Комузчулардын аткаруусу

📍 Сахна

Улуттук чыгармалар, комуздун коштоосунда ырлар жана комузчулардын аткаруусу.

18:00–19:00 | Аниматорлор менен этно-программа

📍 Жогорку оң жактагы чатыр

Балдар жана ата-энелер үчүн этно-оюндар, Кыргызстандын белгилүү жазуучулары жана музыканттары менен таанышуу, аркан тартыш жана «Ат чабыш» оюну.

Күн бою | Улуттук сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү

📍 Сахнага жакын жайгашкан жыгач үйлөр

Бишкек шаарынан жана Кыргызстандын аймактарынан келген сүрөтчүлөрдүн маданиятка, үй-бүлөгө, салт-санаага жана Кыргызстандын мурасына арналган эмгектери.

Мүмкүнчүлүгүңүз болсо, улуттук кийим кийип келиңиз 🇰🇬

Келгиле, майрамдык маанайды бирге жаратып, бул күндү дагы да өзгөчө жана жаркын өткөрөлү 🤍

23-сентябрда «Евразия» паркында сиздерди күтөбүз! 🤍